www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-июлда өрт чыккан "Альбатрос" туристтик кемеси жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиясы жок иштеп жаткан. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

«Окуя боло электе биздин адистер мыйзам бузууну аныктап, протокол түзүп, кеме ээлерине 7500 сом айып пул салган. Аларга лицензия алуу үчүн зарыл болгон бардык документтерди чогултууга убакыт берилген. Ансыз туристтерди ташууга укугу жок болчу, бирок алар баш ийбей, мыйзам бузууга барышкан», - деп маалымдашты редакцияга.

Эгерде тиешелүү документтери жок саякатка чыкса, кеме ээлерине кайрадан айып пул салынат. Бардык талап кылынган документтер даяр болмоюн кеменин иштөөсүнө тыюу салынып, мөөр басылды.

Эске салсак, окуя 23-июль күнү болгон. "Альбатрос" кемесинин бортунда 11 адам болгон. Жээктен 2 чакырым алыстыкта ​​жүргөн кеменин моторунда өрт чыккан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыймылдаткыч ысып кеткендиктен күйүп кеткен. Жүргүнчүлөр кайык жана скутер менен жээкке чыгарылган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости