www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр жана кино жылдызы Альбина Имашованын  кыргыз киносундагы чыгармачылыгы ташкындап турган убагы, ал өзгөчө  тастаңдаган тың жеңелердин образын ийине жеткире  аткарган ролдору менен элибиздин купулуна толуп келет.  NazarNews актриса менен азын-оолак маек курду.

- Саламатсызбы, жакында эле Бишкек шаардык кеңешинин Ардак громатасы менен сыйландыңыз, сурайын дегеним, эмгекти баалоо чыгармачылыкты шыктандырабы?

- Саламатсыздарбы, маданият күнүнө карата Бишкек шаардык кеңеши Ардак громатасы менен сыйлады, терең ыраазычылык билдирем. Албетте, бул менин чыгармачылыгыма, маданиятка, искусствого болгон  жөндөмүмдү шыктандырууга стимул берди. Сыйлык алган сайын көбүрөөк жоопкерчиликти сезип атам, маданиятка, театр жана кино тармагында өз ишимди так туура аткарганга далалаттанам. Эмгегиңди баалоо адамга көптөгөн жакшы эмоцияларды тартуулайт экен.

- “Такебай” комедиясындагы “Токтогул району башка” деген жери  сценарийге кандайча кошулуп калды эле?

- “Такебайдагы” “Токтогул башка” деген кадр ролик болуп, журтчулукка тарап кеткен убагы. Биздин элде уруу-урууга, жер-жерлерге бөлүнө берет эмеспи, кездеше келгенде сен  тияктык, мен бияктык деп бөлүнмөйлөр башталат. Ушундан улам, режиссер кытайлардай миллиард  болсок кандай болот эле, 6 миллион болуп ушунча бөлүнөбүз, элибиз  көрүп ойлонсун, сабак алышсын деген таризде   сценарийге киргизген. Бирок ушул кадр тартылуу алдында талаш-тартыштар болду. Биз ушуну айтып атсак, маданияттын адамдары өздөрү ушинтип сүйлөшөт экен деп эл айтат, артыбызда сөз калбасын дедик, Түп жөнүндө  айтылганда, өзүм да Түптүн келинимин, кайын журтум эмне деп ойлойт деген ой кетти.

- Коомчулукта, негизи эле “ой, бул артист да” деген сөз айтылат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? 

- Чынында эле, “ой, бул артист да” деген сөздөр азыр деле айтылат. Мындан он жыл мурун артист болбош керек, артист деген мындай-андай деген жаман сөздөр жабышып келген,  менин оюмча, азыркы учурда адамдардын ою деле артистке болгон көз караштары түз болуп калды. Актердук чеберчилик боюнча окууларды өтүп келгениме байланыштуу, ата-энелердин балам бардыгына шыктуу болсун деп актердук кесипке окутуп жатканынан улам бул түшүнктү жокко чыгарууга болот. Элдин көз карашы деле өзгөрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости