www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров өлкөнүн, жарандардын жыргалчылыгы үчүн иштеп жатам деп канчалык жар салбасын, анын бардык аракеттери саботаждык мүнөздө. Мындай пикирин экономист Эмил Ашымбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

2021-жылдын 25-ноябрында Казакстанда ургаачы, эркеги болобу бодо малды 6 айга, картошка менен сабизди 3 айга экспорттоого тыюу салынган. Дүкөндөрдө картошка, сабиз, пияз жана башка жашылчалар менен камсыз кылууну чектеди.

Бул биздин республика үчүн эмнени кандай кабар берет? Болгону коңшу республикага картошка, пияз, сабизди массалык түрдө экспорттоо, негизинен контрабанда жолу менен башталып, өлкөбүздө дефицит пайда болот.

Министрлер кабинети тамак-аш абалынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүп жатабы? Же өлкөбүздө жашылчалар болгондо дагы картошка тартыш болуп, анын килограммы доллар болгондо гана чара көрүлөбү? Жайында биз «алтын» сабиздин даамын сездик, кийинчерээк белгилүү болгондой, өлкөбүздө жашылчалар тартыш болгондуктан, дагы эле миңдеген килограмм экспорттолчу.

Күн сайын азык-түлүктөр эки-үч сомго кымбаттап жатат: сүт, кант, ун, май. Картошканын килограммы буга чейин 37 сомдон болгон. Азырынча пияздын баасы 25 сомдун тегерегинде калууда. Андан ары эмне болот?

Ал эми дал ушул өлкөнүн жарандары үчүн оор мезгилде министрлер кабинети «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жол акы алуунун өлчөмү жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү» тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Анда «Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу унаалар жана автобустар үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жол акыны эсептөөнүн тартиби» аныкталган. Салыктын өлчөм баасы бир километрге 0,1 сомдон 8,3 сомго чейин деп болжолдонууда.

Бул тарифтердин киргизилиши кайра товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына таасирин тийгизерин айтуу керекпи же жокпу? Мен мунун кереги жок деп ойлойм, анткени баары түшүнүктүү.

Акылбек Жапаров өлкөнүн, жарандардын жыргалчылыгы үчүн иштеп жатам деп канчалык жар салбасын, анын бардык аракеттери саботаждык мүнөздө. «Эмгек сиңирген» экономист фантастикалык долбоорлор жөнүндө гана кооз сүйлөй алаары азыртан эле көрүнүп турат, бирок ал чын чынына келгенде, бүгүнкү жашоону жакшыртуу үчүн эч нерсе кыла албайт.

Элдин азыркы турмушуна көз жумуп, жаркын келечекти кура албайсың, бул сенин мамлекетиңе каршы жасалган кылмыш. Ал эми А.Жапаровдун азыр бир гана колунан келгени кыргыз элин алдаганды токтотуп, жөн эле отставкага кетүүсү туура болчудай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости