www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында алдамчылык, документтердин жасалмасын жасоо фактылары боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, өзүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкери катары тааныштырган жаран Ш.Ж. Россиянын каттоосундагы “Toyota Avensis” үлгүсүндөгү автоунаасын Кыргызстандын каттоосуна коюп жана мамлекеттик номур алып берүүнү убадалап, 57 000 сом акча алгандыгын билдирген.
Шектүү акчаны электрондук капчык аркылуу алып, WhatsApp аркылуу жасалма каттоо күбөлүгүн жөнөткөн жана мамлекеттик номурду “Достук” чек ара пунктунун жанындагы май куйган жайга таштап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жаран 1985-жылы туулган Ш.Ж. тергөө кызматына жеткирилген. Анын автоунаасынан жасалма транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк, ар түрдүү иш-кагаздар жана шаймандар табылып алынган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Белгилей кетсек, тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жоктугу аныкталды.