www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы салына турган Ак үйдү «Рыжий Марат» кайма атындагы Турсунбеков эл арасына бүлүк түшүргөн. Ал боюнча тирукмуш кептер чекесинен чубады. «Каралар» менен байланышы, алдамчы катары сыпатталганы эмнеси? Бийлик өткөн чагын текшертип койсо не?
Бизге жеткен маалыматка караганда, «Рыжий Маратка» 2020-жылы Бишкек ШИИБнин тергөө башкармалыгы тарабынан «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Таанышынын коттеджин сатып ийип, акчасын бербей качкан дейт. Камалып кетээрде ортодон таасирдүү чиновник аралашып, «көз жумду» кылганы канкууланды.
Кызыгы, коттедждин акчасын ушул күнгө чейин толук бербей, чоюп келгени эмнени билдирет? «Таанышың барда танкасын» дегендей, «Рыжий Марат» качанкыга чейин кутурат экен? Ак үйдү алдамчылыкка айыпталган адам салса, анда куттун кете баштаганы ушулбу?..
Булак: Азия News гезити