www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылык кылган деп шектелип кармалган Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 24-апрелге чейин камакта калтырылды. Разаков №1 тергөө абагында камакта болот.

Буга чейин ал 24-февралга чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков 24-январда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголгон.

Маалым болгондой, милицияга Б.А. аттуу жаран арыз жазып, Разаков 1 млн доллар алып, бербей койгондугун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости