www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн аял кайтаруу астында төрөдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда 27 жаштагы өзбекстандык мигрант аял Санкт-Петербург шаарындагы төрөтканалардын бирине түшкөн. Аны ушул эле шаардын Пульково көчөсүнөн “Тез жардам” алып кеткен.

Төрөткананын дарыгерлери чет элдик жаранды каттоого алуу тууралуу полицияга кабар беришкен. Каттоого алуу учурунда, бул аялдын 2018-жылдын декабрь айынан бери Өзбекстандын ИИМи тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Ал Өзбекстанда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып жатат.

Төрөтканага полициянын посту коюлган, төрөтканадан чыккандан кийин аялды полиция алып кетмекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости