www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБге жергиликтүү тургун жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, 2019-жылдын февраль айында К.Н. аттуу жаран Сарбан айылында жайгашкан үйдү 21 миң долларга баалаган. Ээсине 10 миң доллар берип, үйдү өзүнө жаздырып алган. Калган акчаны насыя алганда төлөйм деп убада кылып, бирок үйдү өзүнө жаздырган соң качып кеткен.

Бул кылмыш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1984-жылы төрөлгөн К.Н. аттуу шектүү (аял киши) жаран колго түшкөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал дагы 3 кылмышка шектелип жүргөнү аныкталды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости