www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин Өзбекстандын "Бунёдкор" клубун жетектеди. Бул тууралуу Championat Asia кабарлады.

"Бунёдкор" сыяктуу өзүнүн салттары жана баалуулуктары бар клубдун сунушун сыймыктануу менен кабыл алдым. Анткени мындай командаларда башкы машыктыруучу болуп иштөө ар бир адис үчүн сыймык. Ошондуктан биздин сүйлөшүүлөр көпкө созулган жок", — деген Крестинин.

Ал кырдаалды жакшы жакка өзгөртүү керектигин, бул көп эмгекти талап кыларын кошумчалаган.

"Команданын машыгуу базасы жана "Бунёдкордун" академиясы менен жакында эле тааныштым. Бардык клубдарда мындай шарттар жок деп ишенимдүү айта алам. Демек, жыйынтык үчүн түзүлгөн шарттар оптималдуу болушу керек", — деди жаңы машыктыруучу.

"Бунёдкор" командасы азыр Өзбекстандын чемпионатында сегизинчи орунду ээлейт (бардыгы 14 клуб бар).

Александр Крестинин 9 жыл Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. Анын жетекчилиги астында команда дүйнөнүн эң мыкты 100 командасынын катарына кирип, 2019-жылы биринчи жолу Азия кубогуна катышып, жолдомо алган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости