www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Берлинден Москвага учуп келгенде полиция аны аэропорттон кармап кетти. Анын адвокатына чогуу барганга уруксат берилген жок. Бул тууралуу "Интерфакс" жазып чыкты.

Ал поспорттук көзөмөлдөн өтөрдүн алдында журналисттерге кыскача комментарий берип, өзүнө каршы козголгон кылмыш иштеринен коркпой турганын айтты. Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный доо арыздын негизинде кармалганын ырастады.  Маалыматка таянсак Навальный түшкөн учак "Внуково" аэропортуна эмес "Шереметьевого" конгон.  Полиция "Внуководон" Навальныйды тосуп алганы келген бир нече адамды күч менен кармап кеткени айтылууда.

Эске сала кетсек, Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ошол жактан Берлиндеги клиникага которулуп, аны атайын ууландырылганын аныктаган. Кремль бул дооматтарды негизсиз деп билдирген.

Германияда жатып алып, Путиндин көкөйүнө көк таштай тийген Навальный учурда колго түшкөнү менен кырдаал кандай болуп кетет азырынча табышмак...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости