www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Алексей Цой саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уели кабарлады.

Маалыматта Алексей Цой кызматынан эмне себептен бошотулганы айтылган эмес. Цой саламаттык сактоо министри болуп 2020-жылы июнда, коронавирус илдети күчөп турган маалда дайындалган.

Алексей Цой Facebook баракчасына “Бүгүн жарандык секторго өтүү жана саламаттык сактоону илим жана социалдык демилгелер аркылуу колдоо боюнча чечимимди колдошту ”, — деп жазды.

Белгилей кетсек, Алексей Цой 2014-жылдан бери саламаттык сактоо министринин орун басары, Казакстан президентинин иш башкармалыгынын медицина борборунун жетекчиси кызматтарын аркалаган.

Алексей Цойго чейин саламаттыкты сактоо министри болгон Елжан Биртанов “бюджеттик каражатты коромжуга учураткан” деген шек менен үй камагына алынган. Нур-Султан шаардык соту анын үй камактагы мөөнөтүн бир нече жолу узарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости