www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы депутаты Алексей Журавко Владимир Зеленский Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн Херсонду жер бетинен жок кылууну пландаганын, бирок орус армиясы ага уруксат бербей турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Орус аскерлери Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция маалында өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон облусун толугу менен жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алды. Аймактарда аскерий-жарандык администрациялар түзүлүп, орусиялык телеканалдар менен радиолор уктуруулар башталып, Крым менен соода алакалары калыбына келүүдө.
«Украин улутчулдары күн сайын Николайевден Херсонду жана аймакты аткылашат. Украин фашисттери үчүн Херсон облусу — деңиз чочкосу. Зеленский шаарды жер бетинен жок кылуу максатында, карапайым калкты жок кылуу боюнча кылмыштуу буйруктарды берет. Шаарды коргогон орус аскерлери жана абадан коргонуу системасы болбосо, Киев режими өзүнүн жапайы пландарын ишке ашыра алмак», - деди учурда Херсондо жүргөн Журавко.
Экс-депутат Зеленскийди террорист жана аскердик кылмышкер деп атап, алар сөзсүз жазасын аларын кошумчалады.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg