www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бизге бир нерсени таңуулоо жакпайт. Биз маданиятыбызды жана мурасыбызды чагылдырган салттуу баалуулуктарды баалайбыз». 

Бул тууралуу бүгүн, 2025-жылдын 10-апрелинде, Москвада өткөн Эл аралык коомдук ишкердик форумунда «Евразия» АНОнун төрайымы Алена Аршинова билдирди.

«Биз башка мамлекеттердин ишине кийлигишпейбиз, биз салттуу баалуулуктарды сактоого умтулабыз, бул биздин коомубуздун маанилүү бөлүгү. Биз көп уюктуу дүйнөнү колдойбуз жана Евразия элдеринин бардык эне тилдери өнүгүшүн каалайбыз», - деди Алена Аршинова.

Ал салттуу негиздерди бекемдөө бардыгы үчүн гармониялуу келечек түзүүгө жардам берерин белгиледи. Эске сала кетсек, Москвада "Евразия" эл аралык коомдук-ишкердик форуму өтүп жатат. Автономдуу коммерциялык эмес эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү уюму «Евразия» (мындан ары – АКЭУ «Евразия») Сизге терең урмат-сыйын билдирет.

АКЭУ «Евразия» гуманитардык жана билим берүү тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырып, ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Бул демилгелер мектеп окуучуларына, студенттерге, мугалимдерге, дарыгерлерге, журналисттерге, ишкерлерге, спортчуларга жана маданият ишмерлерине багытталган.

2024-жылдын май айынан бери аталган долбоорлорго Казакстан, Молдова, Беларусь, Кыргызстан, Армения, Өзбекстан, Азербайжан жана Тажикстандан 20 000ден ашуун өкүлдөр катышып, ал коомчулуктан кеңири колдоо тапты.

Эл аралык форум: Евразия – салттык баалуулуктардын аймагы 2025-жылдын 10-апрелинде Москва шаарында, Улуттук борбор «Россиянын» аймагында (Краснопресненская набережная, 14) АКЭУ «Евразия» өзүнүн түзүлгөндүгүнүн бир жылдыгына карата эл аралык коомдук-ишкердик форумун уюштурууда.

Форум евразия элдеринин тарыхый чындыгын,  улуттук каада-салтын жана орток баалуулуктарын сактоого арналган эң ири коомдук-ишкердик жана маданий-агартуучулук иш-чара болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор, ишкерлер, билим берүү жана маданият өкүлдөрү евразиялык интеграциянын, гуманитардык кызматташтыктын жана тарыхый агартуу иштерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашууда.

Эске салат кетсек, «Евразия» АНО Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүчү уюм.

«Евразия» АНО – автономдуу коммерциялык эмес уюм, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Уюм салттуу баалуулуктарды сактоого, улуттар аралык байланыштарды бекемдөөгө жана коомго пайдалуу демилгелерди колдоого өзгөчө көңүл бурат.
Негизги ишмердүүлүк багыттары: Билим берүү жана кесиптик өнүгүү: Окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо максатында билим берүү программалары, алмашуу долбоорлору, ири мамлекеттик компанияларда стажировкалар жана медиамектептер уюштурулат.

Маданият жана тарых: Тарыхый жана маданий мурастарды сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу.
Кесиптик аянтчалар жана форумдар: Мугалимдер, ЖОЖ окутуучулары үчүн профплатформалар жана форумдар өткөрүлөт.

Журналистика жана блогинг: Журналисттер менен блогерлерге колдоо көрсөтүү, алардын коомго таасирин арттыруучу гранттар жана программалар.

Медицина жана социалдык демилгелер: Коомдук ден соолукка жана социалдык өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу.

«Евразия» ар кандай маданияттардын өкүлдөрүнө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө салым кошууда.

Булак: NazarNews

Последние новости