www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин деле жашыруун жайларда кумар оюндары ойнотулуп келгени, күч органдарынын жетекчилери көзөмөлгө алышуу менен чөнтөктөрүн кампайтышканы айтыла калчу. Натыйжада, мамлекеттин казынасына эч нерсе түшпөй, бир ууч топ гана байып келген. Мындай шартта эмне кылуу керек?
Ооба, кайрадан Жогорку Кеңеш тарабынан «чимкириктерге» мыйзам кабыл алдырып, казинолорду кайрадан жандантуу шарт. Ысык-Көл, Баткен облустарына кумар оюндарын ачтырып, жергиликтүү элдин киришине тыюу салдырып, чет элдиктерге уруксат берсе болот. Ошондо туризм да, аймактар да өнүгө баштамак. Инвестиция да тартылып, жумуш орундары камсыздалмак эле.
Алгач Ысык-Көл, Баткен облустарында казинолор иштей баштаса, ал жакта кошумча ишканалар жанданып, элибиздин келечегине карай өбөлгө түзүлмөк. Андан соң башка аймактарга да жайылтса эмнеге болбосун? Чет өлкөлөргө мигрант болуп кетип жаткан мекендештерибиздин саны да азаймак. Эми мындай кадамга баруу үчүн бекем эрк керек.
Булак: Азия News гезити