www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги "Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борбору мекемеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, долбоордун максаты — Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу боло турган борбордун статусун, максаттарын, милдеттерин, функцияларын, түзүмүн жана башкаруу тартибин ченемдик түрдө бекитүү болуп саналат. Мекемени түзүү аялдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Токтомду кабыл алуу зарылчылыгы Жалал-Абад облусунун жана ага чектеш аймактардын калкынын жеткиликтүү жана өз убагындагы адистештирилген медициналык жардамга болгон муктаждыгынан келип чыккан. Учурда тар профилдеги медициналык инфраструктуранын басымдуу бөлүгү Бишкек жана Ош шаарларында топтолгон. Бул жагдай, аймактардын алыстыгын жана транспорттук чектөөлөрдү эске алганда, бейтаптарды жеткирүү убактысын узартып, республикалык саламаттыкты сактоо мекемелерине күч келтирүүдө.

Борбор төмөнкү багыттар боюнча жардам көрсөтөт:

акушерлик жана гинекология;

неонатология жана педиатрия;

балдар хирургиясы;

репродуктология жана онкоскрининг.

Ошондой эле, баштапкы деңгээлдеги уюмдар менен стационардык медициналык жардамдын ортосундагы ырааттуулукту камсыздоо пландаштырылууда.

Борбордун түзүлүшү медициналык жардам көрсөтүү убактысын кыскартууга, кош бойлуулар, төрөткөндөр, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана балдар арасындагы оор абалдарда шашылыш жардам көрсөтүүгө даярдыкты жогорулатууга, ошондой эле ооруларды эрте аныктоого жана алдын алууну жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, борбор эне жана баланы коргоо тармагындагы илимий-практикалык жана методикалык ишмердүүлүк, анын ичинде медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн клиникалык база катары кызмат кылат.

Жобонун долбоорунда юридикалык жак статусу жок илимий борборду түзүү, ошондой эле КР "Илим жөнүндө" мыйзамына ылайык окумуштуулар кеңешинин жана локалдык этикалык комитеттин иштеши каралган

Последние новости