www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ализа Солтонбекова: 85,5 миң баланын ата-энеси миграцияда жүрөт

2020-жылы үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы боюнча ата-энеси миграцияда жүргөн 85 миң 459 бала аныкталган. Бул тууралуу парламенттин жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 69 миң 530у тышкы миграцияда, ал эми 15 миң 929у ички миргацияда болгон.

“Үймө-үй кыдырып текшерүүдө 3 миң 816 бала бейтааныш, тууганы болбогон адамдарга калтырылгандыгы аныкталды. Бул балдар боюнча иштер жүрүүдө. Бала кандай гана жакшы шартта багылып жатпасын, эгер анын ата-энеси миргацияда жүргөн болсо, ал турмуштук оор кырдаалга кабылган бала деп эсептелет. Биз мыйзам кабыл алууну пландап жатабыз, ага ылайык мигрант расмий камкорчу дайындамайынча өлкөдөн чыга албайт”, - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости