www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Асылбек Жээнбеков менен Сооронбай Жээнбеков чет мамлекетке чыгып кетпесе, кылмыш жоопкерчилигине тартылат», - деди, бүгүн 19-январда NazarNews.kg маалымат агенттигине астролог Жанар Кадыралиев.

- Эң негизгиси булар кызматтан кетип эле тим болбойт. Эми камалат же чет мамлекетке качканга аргасыз болушат. Анткени, Юпитер менен Уран планетасы Сооронбай Жээнбековдун да, Асылбек Жээнбековдун да туулган күндөрүндө чыңалуу абалында жайгашкан. Юпитер юридикалык көйгөйлөрдүн, чет мамлекеттерге байланыштуу планета.

Ал эми уран планетасы күтүүсүздүктүн планетасы. Бардык окуялар күтүлбөгөн жерден болуп кетээринен кабар берет. Ошон үчүн булар күтүлбөгөн жерден саналуу сааттын ичинде эле кетип калды. Азыр абал оорлошо электе Кыргызстандан убактылуу чыгып кетишсе өздөрү үчүн дурус болот. Антпесе кылмыш жоопкерчилине тартылып калуусу турган сөз.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости