www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент 20-январдагы сессиясында Тартип бузуу жөнүндө кодекске, "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду кайрадан экинчи окууга жиберди. Буга депутаттардын документ чийки деп айтканы негиз болду.

Эки мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн үчүнчү окууга киргизилген. Талкуу маалында бир катар депутаттар документте оңдоло турган жоболор көп экенин билдиришти.

Маселен, депутат Чынара Урумкалиева "кайрылман" макамын ала албай жүргөн чет өлкөлүк кыргыздардын абалына токтолуп, алардын эреже бузганы үчүн айыппулду көбөйтүү тууралуу сунушту сынга алды.

--"1000 сомдун жоктугунан "кайрылман" статусун ала албай жатса, силер аларга 3000 сомдук айып пул салып жатасыңар. Андан тышкары, ал статусту алыш үчүн алар каттоого да турушу керек. Бирок эч ким аларды өз үйүнө каттатпайт экен. Тескерисинче тиешелүү мыйзамдарга ылайык өкмөт аларды каттоого тургузушу керек болчу. Андыктан мыйзам долбоорун кайрадан экинчи окууга кайтарып, айып пулдардын көлөмүн азайтуу маселесин кароо зарыл", - деди Урумкалиева.

Мыйзам долбоору жакын арада кайрадан экинчи окууда карала турганы белгилүү болду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости