www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Түндүк Каролина штатынын 50 жаштагы тургуну башкалар анын уулу деп эсептеген 22 жаштагы жигит менен үй-бүлө курууну пландап жатышат.

 2015-жылы Шерон Хокинс күйөөсү менен 16 жылдык никеден кийин ажырашып кеткен.

"Биздин мамилебиздин акыркы жылында мен 20 жаштагы жигиттерге суктанып, көз салып жатканымды байкадым" деп эскерет аял. Жолдошу менен ажырашып, жалгыз калган Шерон популярдуу Tinder таанышуу тиркемесин орнотуп, таанышкысы келген мырзанын жаш курагын 19 деп белгилеп, издей баштаган.

Издөөсү оңунан чыгып, ал өзүнөн 28 жаш кичүү Перри Хопштейнди жактырып калган. "Перринин көк көздөрү, күрөң чачтары жана булчуңдуу колдору абдан жаккан. Кудум эле модель мырзалардай келишимдүү экен",- дейт аял.

Экөө танышкандан кийин араларында сүйүү сезими пайда болгон. Башында эле неберелери бар экенин эскерткен Шеронду жаш жигити мындан көйгөй көрбөгөнүн айтып, көңүлүн жубаткан.

2020-жылдын июнь айында жигит Шерондун үйүнө көчүп келип, чогуу жашай башташкан. Алар быйыл мыйзамдуу түрдө үйлөнүүнү пландап жатышканын Шерон Фейсбук баракчасында жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости