www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын Токио шаарынын тургуну жумушу жок бош жүрүп, эки жарым жыл ичинде болжол менен 22 миллион сомдон ашык  каражат иштеп табууга жетишти. Бул тууралуу "Day Day News" маалымат агеттиги жазды. 

2018-жылдын июнь айында киши "профессионал бекерчи катары өзүн ижарага берүүнү сунуш кылып жатам" деп Твиттерге жазган. Ал дүкөнгө барып келүү үчүн, сейилдөө үчүн, кинотеатрга, ресторанга барып шерик болууга даяр экенин айткан. Шоджи Моримотонун айтымында, ал "жөнөкөй тапшырмалардан башка" оор жумуштарды жасай албайт.

--"Мен бекерчи адам катары өзүмдү ижарага сунуштайм. Дүкөнгө жалгыз баруу сизге кыйын болуп жатабы? Командада оюнчу жетишсизби? Сизге орун ута турган адам керекпи? Оңой тапшырмалардан башка эч нерсе жасай албайм", - деп жазган ал өзүнүн Twitter баракчасына.

Эки жарым жыл ичинде аны 3 миңден ашуун жолу кызмат көрсөтүүгө чакырышкан. Моримото өзүнүн "кызматы" үчүн 8 миң сомдон ашык алат, ага жол киреси жана тамак-аш чыгымдары кошулбайт.

Басылманын маалыматы боюнча, Шоджи Моримотону негизинен сүйлөшүүгө муктаж жалгыз адамдар чакырышат. Ал тамактануу, Instagram үчүн кооз кылып сүрөткө тартуу, паркта көпөлөктөрдү кармоо, дарыгерлердин оор жумушу тууралуу арыз-муңун угуу, ажырашууга арыз берген адамды коштоо үчүн жалданган. Бир жолу Шоджини бир киши адам  өлтүргөндүгү жөнүндө айтып берүү үчүн жалдаган, экинчиси аны өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан жерге алып барууну суранган.

Белгилей кетсек, Моримото үй-бүлөлүү, жогорку билимге ээ. Мындай кызмат көрсөтүүгө иштегенге чейин, ал басмаканада иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости