www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстанга Текебаев баш болгон либералдар тоскоол болуп жатышат. Булардын артында албетте кыргыздын өнүп-өсүп кетишин каалабаган арамза күчтөр турат», - деди, бүгүн 19-январда NazarNews маалымат агенттигине Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, жума сайын «Ханституцияга каршыбыз» деген митинг уюшулуп жатат. Алар чындап эле президенттик башкарууга каршы чыгып жатышабы же тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгын ишке ашырып жатышабы?

- Конституция башында эле туура эмес жазылган. Муну сырткы күчтөр менен макулдашып алып Текебаев жазган. Күчкө салып кабыл алдырганы аз келгенсип 2020 - жылга чейин козгобой, кол тийгизбей уялбай коргоп келди.

Эми оңдоп адашкан жолдон оң жолго түшөлү десе жөн койбой ошол Текебаев баш болгон либералдар тоскоол болуп жатышат. Булардын артында албетте кыргыздын өнүп-өсүп кетишин каалабаган арамза күчтөр турат.

Парламенттик башкаруу эч кандай эсеп-чотун бербеген партиянын текебер лидерине жана ошондой эле сабатсыз чиновниктерге кенен жол ачты.

Үй бүлөдө деле бир адам башкарбаса береке болбогон сыяктуу өлкөбүздө да бир адам жоопкер болушу шарт. Болгон ишти бир өзөккө байлап, бир жерден сурап алып турганга. Бирок курултай деген бабалардан калган башкаруу системасы көзөмөлдөп, сурап тура турган механизм түзүлөт деп Садыр Нургожоевич деле айтып жатат го. Ага болбой эле кабыл алына элек Конституцияны элге жаман көрсөтүүнүн аракетин жасап, элдин башын айлантып жатышат.

- Рахмат

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости