www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: Жакыр өлкөлөргө вакцина жетпей жатат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус вакциналарды бай жана жакыр өлкөлөрдүн ортосунда бирдей эмес бөлүштүрүлүшүнөн улам дүйнө моралдык катастрофанын босогосунда турат деп эсептейт. Бул тууралуу ДССУнун сайтына жарыяланды. 

"Вакциналарды дүйнөнүн жакыр өлкөлөрү сатып алууга каражаттары жетпейт. Вакцинанын 39 миллиондон ашык дозасы кеминде 49 эң бай өлкөлөргө таратылды. Ал эми, жакыр өлкөлөргө 25 дозасы гана жетти. Жыйырма беш миллион же жыйырма беш миң эмес, болгону, жыйырма беш доза гана алды жакыр өлкөлөр", - деди ДССУнун башчысы маалымат жыйынында.

Гебрейесус вакциналар акыры баарына жетиштүү болот деген ишенимин билдирди.

Ошого карабастан, учурда, ДССУнун башчысынын айтымында, өлкөлөр "чоң үй-бүлөдөй" биригип иштей башташы керек жана жашаган жерине карабастан, олуттуу ооруга жана өлүм алдында жаткан адамдарга артыкчылык берилип, вакциналарды биринчилерден болуп алышы керек.

ДССУнун акыркы маалыматтары боюнча дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 93 миллиондон ашты. Пандемия башталган убакыттын ичинде эки миллиондон ашуун адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости