www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9 октябрь - Бабанов үчүн жүрөктүн толтосунан чыккан өзгөчө күн. 2019-жылдын 9 –октябрында Камчыбек Ташиев менен ажырашып, «Республика-Ата-Журт» фракциясын экиге бөлүшкөн. 2014-жылы Бабановдун жандосу Руслан Казакбаев жана Камчыбек Ташиев «Республика-Ата-Журт» фракциясын түзүшкөн. РАЖ 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 315 446 добуш (20,8 %) же 28 мандат алып экинчи орунду алып келгени менен абиси Атамбаевге таянган Бабанов Камчыбек Ташиевди бул фракциядан «кидать» этип, өзү жеке басар кожоюн болуп алган. РАЖ фракциясында Бабановдун жетегинде азыркы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, эл бузар, башаламандыкты жараткан Мирлан Жээнчороев, Динара Исаева, Кенжебек Бокоев жана башкалар бар. Арийне, Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо чамгарактап кетип, мойнуна 8 кылмыш иштерин илип, Орусияга кире качкан. Фракциялаш Талант Мамытов «Кол ийрисине тартып» бир фракцияда иштеген учурдагы Бабановдун ушакчы, «чимкирик депутаты» Руслан Казакбаевин колдоп, ал Тышкы иштер министрлигинде министр. Эмне үчүн ушакчы?
2020 - жылдын 9-октябрында Бабанов бийликти басып алыш үчүн Атамбаевди баш кылып,Текебаевдин кишилерин төш кылып жүздөгөн кишилерди дүрбөтүп Ак үйгө келген. Бабановдун келишине эл каршы туруп, буларды айдап чыгышкан. Бабанов ошол замат мени «магниттик бороон» же кыргызча айтканда жин уруп кетип, үчүнчү күчтөргө кошулуп кеттим деп чөгөлөп чыккан. Бирок кегин ичине сактап жатса керек. Ал жандосу ушакчы Руслан Казакбаевдин оозу менен «Бабанов Ташиев менен 9-октябрдан кийин жолугушкан» деген жалган сөздү тараттырат. Ташиев эксдосу Бабановдун жалганчылыгынын бетин ачат. «Платон мой друг но истина дороже» -дегендей бир кездеги досу, бирок 2015-жылы парламенттик шайлоодон кийин «кидать» этип кеткен Өмүрбек Бабанов менен октябрь башаламандыгынан соң жолугушпаганын айтып, анын жалганчылыгын чыгарды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Өмүрбек Бабановдун өзүнө карата айтылган билдирүүсүнө жооп берди. Төрага бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына жазган: «Бабанов жалган айтып, элди дүрбөлөңгө салбасын! Бабанов менен 9-октябрдагы башаламандыктан кийин жолуккан эмеспиз. Ошондой эле, митингди уюштургандар биз эмес деп эч качан актанган да эмесмин. Руслан Казакбаев биздин митингден кийин жолукканыбыз жөнүндө жалган маалымат таратпасын. Бабанов Атамбаев жана башкалар менен Ала-Тоо аянтына бийликти элден тартып алуу үчүн келишкен. Биз 9-октябрдагы башаламандыктарды ким уюштурганын аныктап, күнөөлүүлөрдү жазалайбыз», - дейт Ташиев.
Учурда Бабанов 8 кылмыш иштерин жаба албай УКМКда жүрөт, анын ичинде Отуз-Адырдагы өзбек калкына жан тартып, кыргыз элинин намысын тебелеген улуттук маселелер да бар. Дымак деген бар, Бабановдун дымагы өкмөт башчысына жетелеп баратат, ал өкмөт башчысы үчүн 2020-жылдын 9-октябрында зордук-зомбулукка да барууга даяр эле, эми да жалганчылыкка барууга дапдаяр. Бабанов «жеймин дейт куйрукту, кудай берет буйрукту» болуп жүрбөсүн?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg