www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19 миң кыргызстандык аты-жөнүн эмнеге өзгөрткөн?

2020-жылы 19 миң 122 кыргызстандык аты-жөнүн өзгөрттү, - деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул 2019-жылга салыштырмалуу 9 миң 31 каттоого аз (2019-жылы - 28 миң 153).

Атын өзгөртүү үчүн арыз ээси каалаган калкты тейлөө борборуна же жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты тейлөө бөлүмүнө кайрылса болот.

Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамынын учурдагы редакциясына ылайык, аты-жөнүн өзгөрткөн жарандар бир айдын ичинде паспортун алмаштыруусу керек. Бир эле убакта фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүп каттатууга жол берилбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости