Базар-Коргон шаары пайда болот
Коом  |   |  276

Кыргызстанда жаңы Базар-Коргон шаары пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу долбоор Жогорку Кеңеште талкууланып жатат.

Парламенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мыйзамды экинчи окуудан жактырды.

Шаар Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон айыл аймагынын базасында түзүлүшү мүмкүн. Бул аймакка беш айыл жана айыл макамы жок алты калктуу конуш кирет. Жалпысынан 58 842 киши жашайт.

Булак: NazarNews.kg



 

Поделитесь с друзьями