www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Орусияга Кыргызстандан мигранттарды керек болсо эшелон кылып поездде жеткирүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-январда парламенттин жыйынында билдирди.

Аныны айтымында, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы авиакаттамдарды көбөйтүү зарыл.

«Москванын мэри Собянин бир топ жумуш орду бошоп, иштегенге киши жок болуп жатканын айтты. Биз авиакаттамдарды ордуна келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып поездде балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Орустун акчасын - 5-10 миллиард рубль алып, балдардын билетин алып берели. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып... Жумушсуздук күчөп баратат», - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө бери дегенде бирден киши жумушсуз калганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости