www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүүдө. 

Күн тартибиндеги биринчи маселе катары Ош шаарынын №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө каралды.

Буга чейин БШКнын укуктук-камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу президенттикке талапкер Курсан Асановдун арызы боюнча БШК мүчөлөрүнө 3 шайлоо тилкеси боюнча добуштарды кайра саноону БШКнын жумушчу тобу сунуштап жатканын маалымдаган. Жыйында добуш берүү жашыруун өтүүсү керек.

"Эгер кайра саноодо талапкер айткан добуштар аныкталбай калса, ким жоопкерчилигин тартат?",- деген суроо коюлду.

Буга карата Абдыжапар Бекматов: "Биринчиден бул маселе боюнча биздин системдин тактыгын, аныктыгын көрсөтүү керек. Арыз берүүчүнүн жоопкерчилиги ал экинчи маселе. Алар өзү добуштардын жашыруундугу боюнча мыйзамды бузуп жатат. Бирок бул кийинки маселе", - деди.

БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев: "Биз азыр добуштарды саноого жол берсек, башкалар дагы ушундай арыздар менен кайрылышы мүмкүн",- деген пикирин билдирди.

Ал эми БШКнын башка мүчөсү Гүлнара Журабаева: "Биз тескерисинче кайра добуш саноо боюнча сунушту кабыл алсак, систем туура иштеп жатканын жана добуштарды саноодо махинациялар жасалбай турганын көрсөтө алабыз", - деген оюн айтты.

Ошентип Курсан Асановдун арызы боюнча БШКнын жумушчу тобунун сунушталган чечиминин долбоору добушка коюлуп, анда БШКнын 11 мүчөсү макул, 1 мүчөсү каршы деген добушун берди.

Жыйынтыгында Ош шаарындагы №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелери боюнча добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости