www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте маршруттук компаниялар арасындагы тендер таза өтпөйт. Тендерден утуу үчүн айдоочулар компанияга 100-200 доллардан чогултуп берген учурлар болгон. Бул тууралуу айдоочу Арсен Кадыралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, айрым маршруттук линиялар бир күндө 200дөй адам ташыйт. Күн сайын унаага 1500 сомго май куюлат. Айдоочулар күнүнө 1000 сомдун тегерегинде киреше табат. Эгерде унаасы бузулса, көп чыгым тартышат.

--«Айдоочулар кутуруп, өз каалоосу үчүн жол кирени көтөрүүнү суранган жок. Замандын талабы болуп калды. Баары кыйналып жатат, аны түшүнүп жатабыз. Бүгүнкү күнгө жол киренин өздүк наркы 20 сом 2 тыйын деп эсептелген, кагаз түрүндө да бар. Бирок аны эч ким карабайт. Мэрия автобустарга күйүүчү май куюп, троллейбустардын электр энергиясын төлөп берет. Алар калкты бекер ташыса да жарашат. Эгерде мэрия бизге да ушул сыяктуу жеңилдиктерди кылса, 10 сом менен иштей бермекпиз», — дейт айдоочу.

Айдоочулар жол кирени көтөрүүгө негиз азык-түлүктүн баасынан сырткары унаа тетиктеринин наркы да 50 пайызга кымбаттаганын айтышат. Ошондой эле Бишкекте 8 жылдан бери жол акылар көтөрүлө электигин белгилешет.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости