www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жыйында үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп кеткендиктен, мыйзам долбоорунда аны токтотуш үчүн жазаны күчөтүү сунушталып жаткан», - дейт депутат Наталья Никитенко. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Зомбулук көбөйдү. Коомдогу бул маселе чыңалып турат. Көп фактылар латенттүү мүнөздө. Негизинен, зомбулукту жакын туугандары көрсөтөт», - деди Никитенко.

Белглей кетсек, үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун депутат Исхак Пирматов иштеп чыккан. Буга чейин документ Наталья Никитенко жетектеген Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте каралып, жалпы жыйынга сунуш кылынган.

Статистикага таянсак, былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 337 факты катталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости