www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери Беловодский айылында жайгашкан психоневрологиялык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө барышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мугалимдер жана балдар милиция кызматкерлерин кубануу менен тосуп алышты. Жагымдуу маанайда өткөн баарлашуу учурунда мугалимдер жана балдар ийгиликтер жөнүндө сүйлөшүп, келечектеги пландары менен бөлүшүштү.

Ички иштер министрлиги туруктуу көңүл бурууну жана камкордукту талап кылган балдарды окутуу, тамактануу, тарбиялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат.  Буга чейин дагы балдар менен жолугушуп турушкандыктан, бул көрүнүш салтка айланып калган. Тартип сакчылары бул сапарында балдардан кабар алышып, келечекке болгон пландары тууралуу маек курушту. Бардык чогултулган кийим-кечелерди, кир жуучу каражаттарды, тиричилик жана кеңсе буюмдарды, жеке медициналык коргонуу каражаттарды тапшырышты. Алардын жалпы баасы 230 миң сомдон ашык.

Өз кезегинде, милиция кызматкерлери бул мекемеде өзгөчө балдар тарбияланып жаткандыгын белгилеп, чогулгандардын бардыгын жаңы жылы менен куттукташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости