www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну жубайынын төрөтүн үй шарттарында өзү кабыл алды. Себеби тез келе турчу Тез жардам кызматкерлери чакырууга абдан кеч келишкен. Бул тууралуу Юлия Барабина-Шеворакова аттуу колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.

Юлия айымдын айтымында, шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенген Марат атту таанышынын жубайынын толгоосу 17-январда башталган.

«Ошол күнү саат 21:30да биз ооруканага келдик, гинеколог аны карап чыгып, апасынын, өзү билген Кудайларынын жана башкаларынын атынан карганып бейшембиге чейин төрөбөйт деп айткан эле. Биз үйгө кайтып келдик. Түнү бою аялым кыйналды. Толгоосу күчөдү. Саат 8:00дө бардыгы башталды. Мен тез жардамды чакырдым, алар жарым саатта бригада жөнөтпөй коюшту. Мага эч кандай кеңеш берип коюшкан да жок. Чалсам кайра-кайра телефонду өчүрүп салып атышты. Мен канды да, баланын башын да көрүп жатам деп айтсам дагы, эч кандай жардам беришкен жок. Жубайым абдан кыйналды.

Жардам күтүүнүн кажети жок экенин билгенимде, колумду жууп, сүлгүнү алдым, жубайыма “толгон” деп кыйкыра баштадым. Бир колум менен баланы акырындан курсактан түртүп жаттым. Экинчи колум менен балам “чыгып кеткенге” чейин жерге түшүп кетпесин деп тосуп турдум. Шок абалдамын, ымыркайды колумда кармап аялымды карап турам көзүм бакырая. Жубайым “дем алып жатабы” деп сурады, акырындап ымыркайды жамбашка чапкандан кийин дүйнөгө келген кызым үн чыгарып, ыйлап жиберди”, - дейт бактылуу ата.

Ал эми тез жардам тобу төрөттөн бир сааттан өткөндөн кийин гана келгени маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости