www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн көпчүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөгү антитело калыптанууда. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

"Вакцинанын экинчи дозасын алган 1 362 киши антителого анализ тапшырышты. Көпчүлүгүнүн антителосу 195-200 көрсөткүчүндө экени аныкталды. Бул абдан жакшы жыйынтык. Тагыраагы, адамга бир-эки жыл коронавирус дээрлик жукпайт деп түшүнсөк болот. Андыктан жарандарды коронавирустан сактануу үчүн вакцина алууга чакырам. Учурда вакцина акысыз, каалаган эмдөө пунктуна барып алса болот", — деди Солтонбекова.

Эске салсак, Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө 29-март күнү башталып, алгачкы этапта Кытайдын Sinopharm препараты колдонулуп жатат. 250 миң кишиге жете турган 500 миң дозаны Кытай гуманитардык жардам иретинде берген.

Ал эми 22-апрель күнү Кыргызстанга оруссиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет. Ал 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости