www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алкоголдук ичимдиктер тери жана тырмакка зыян

Алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү — адам организминде көптөгөн ооруларды пайда кылуу менен бирге, тери жана тырмакка байланыштуу көйгөйлөрдү да жаратат, деп жазат Express басылмасы.

Дарыгер Рокси Тейлордун айтымында, алкоголдук ичимдиктердин кесепетинен тери кызарып, кургайт. Анткени алкоголь кан тамырларды кеңейтет, тырмактар жумшарып, морт боло баштайт. Ошондой эле, адамдын иммундук системасын жөнгө салып турган ичегидеги пайдалуу бактерияларды жок кылат.

Чачтын түшүшү — ичкиликти ашыкча ичүүнүн дагы бир күтүлбөгөн кесепети. Бул белоктун начар сиңишинен улам болуп жатат, деп кошумчалады Тейлор.

Адистер ден-соолукка доо кетирбөө үчүн — алкоголдук ичимдиктердин бардык түрүнөн толугу менен баш тартууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости