www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай окумуштуулары укмуштуудай ылдам иштеген супер кванттык компьютер иштеп чыкканын жарыялады. Азыркы компьютерлерге салыштырмалуу 100 триллион эсе ыкчам иштейт деп ишендиришет. Бул боюнча Bloomberg жазып чыкты.
Окумуштуулардын ийлигилиги өлчөмү жогору деп аталган компьютер эсептөө боюнча артыкчылыктарды камсыз кылат. Бул кадимки компьютерге салыштырмалуу акылга сыйбас мөөнөттө бир нече маселени чыгара алат дегенди билдирет.
Кванттык бул технология азырынча толук ишке ашыруу алдында турат, бирок жалпыга жайылса компьютердин маалыматтарды иштеп чыгуу ылдамдыгын эселеп жогорулатуунун ачкычы болоору шексиз.
Ага кошумча, физика, химия жана башка илим-билим тармактарында мындай супер компьютердин жардамы менен бир топ ири ийгиликтерге жетүүгө, ачылыштарды жасоого өбөлгө түзүлөт.
Кытай бул багытта Американын «Алфабет», «Гугл», «Амазон», «Майкрософт» корпорациялары менен атаандаш болуп эсептелет.
Былтыр «Гугл» кадимки компьютер 10 000 жыл эсепке сарптаган иш аракеттерди 200 секундда чыгарат деп айтышкан. Бул ачылыш буга чейинки технологиялык ийгиликтердин гиганты болуп эсептелчү. Бирок, быйыл Кытай АКШны технологиялык атаандаштыкта ашып түшкөн сыяктуу. Анткени кытай окумуштууларынын айтымында, алар ойлоп тапкан компьютер «Гугл» компаниясынын компьютеринен 10 миллиард эсе ылдам жыйынтык көрсөтөт.
Кытай өкмөтү кванттык информатика үчүн 10 млрд долларлык улуттук лаборатория курууда. АКШда болсо Д.Трамп жасалма акылды (искуственный интеллект) изилдөөгө 1 млрд доллар бөлүп, «Гугл» компаниясынын 2019-жылдагы ийгилигин өздөштүрүп алуу аракетин көрүүдө.
Булак: NazarNews.kg