www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы өлкөдөгү конституциялык реформа жана БУУнун Кыргызстанга көмөктөшүүсү тууралуу болгону айтылат.

"Министр жакынкы айларда башкаруу формасын тандоо, Конституцияны кабыл алуу, президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү пландалып жатканын айтты. Буга байланыштуу ал БУУнун туруктуу өкүлүнө аталган маанилүү жалпы элдик иш-чараларды өткөрүүгө техникалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ожиело Баш мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу эгемендүү мамлекеттин укугу экенин айтып, ошону менен бирге адамдардын эркиндиги жана укуктарын сактоого маани берүү керектигин белгилеген.

Ошондой эле ал Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанга конституциялык реформанын алкагында документтерди иштеп чыгуунун сапаттуулугун арттырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости