www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жетим балдарга жеке ишкер кийим алып берди

Нарын районунун Кайыңды айылындагы жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеке ишкер тарабынан кийим-кече алынып берилди. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Кайыңды айылындага шарты оор, каражат жагынан муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жарым жетим балдарга кышкы кийим катары баш кийим, куртка, бут кийим, жемпир, кол каптарын Азис Мунайтпасов алып берген.

«Бүгүнкү күндө кайрымдуулук кылган адамдарыбыз эл арасынан чыгып жатканы кубантаарлык иш. Жеке демөөрчү болуп кайрымдуулук ишин көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык билдиребиз»,- деди Кумарбек Орозалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости