www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы азайтылды

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы токтому менен алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы он эсеге – бир литр үчүн 10 сомдон 1 сомго чейин азайтылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүгө жана Кыргызстандын аймагына импорттоого акциз салыгы салынууга тийиш.

КРнын "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, атайын багыттагы – сергитүүчү, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар болуп саналат.

Мамлекеттик салык кызматы ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган алкоголсуз суусундуктардын өндүрүлгөн же импорттолгон көлөмү үчүн акциз салыгы боюнча отчет берүү жана аны төлөө зарылдыгын эскертет.

Кошумча маалыматты МСКнын www.sti.gov.kg сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлери аркылуу алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости