www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыктан кийин дайыны чыкпай жаткан дагы бир кыргызстандык табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, ал Чолпонбек Сыдыковдун жанында болгон.

«Азыр анын абалы жакшы. Ал 3-январда Казакстанга учуп келген. Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган, бирок 9-январда аны кармап алышкан. Биз аны менен жолуктук, ал апасы менен сүйлөштү. Билишимче, ал Казакстанда ишин улантат окшойт», - деди башкы консул.

«Бүгүнкү күндө Казакстанда кармалган кыргызстандык бир дагы жаран жок. Митингдерге жана талап-тоноолорго Кыргызстандын бир дагы жараны катышкан эмес», - деди деп белгиледи ал.

Эске салсак, Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолду.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227ге жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости