www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Алматыда кармалган 4 кыргызстандык бошотулду

Бүгүн, 15-январда Казакстандын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган Кыргызстандык төрт жаран абактан кое берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Казахстандагы Башкы консулдугунун, ИИМдин Казахстандагы өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашууга жетишилди, деп айтылат маалыматта.

«Азыркы учурда З. Юбуров, А. Хуров, И. Мачо жана А. Жиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен, алар Казахстандын аймагында калышаарын билдиришти», - дейт ИИМдин басма сөз кызматы.

Өз кезегинде кыргызстандыктар ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнө жана Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулдугуна ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Казакстанда 2022-жылы автотранспорт үчүн газдын литри 120 теңгеге чыккандан улам митинг башталган. Айрым аймактарда баа 50 теңгеге чейин түшкөнүнө карабай 5-январга караган түнү бир нече шаарларда элди кууп таратуучу заттар колдонулган. Митингдер тынчыбай, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал жарыялаган.

Андан соң улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу ЖККУ Коопсуздук кеңешине кайрылып, уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Кыргызстандан 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, башаламандык учурунда Казакстанда 164 киши каза болду, алардын экөө кыргызстандыктар экени белгилүү.

Башаламандык учурунда ишканалар ишин токтотушунан улам Казакстандын экономикасы 0,8- 2,5 миллиард долларга чейин жоготууларга учурашы мүмкүн экени божомолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости