www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын маалымат каражаттары Алматы шаарындагы атышуу түнү бою уланып, дагы деле атышуунун үндөрү угулуп жатканын маалымдашты.

Бул тууралуу маалыматты күбөлөр билдиришкен.

“Шаарда түнү бою ок атышуулар угулду. Ал эми айрым жерлерде атышуунун үндөрү дагы эле угулуп жатат. Шаардын борборунда митингчилердин тобу “МИР” телеканалынын имаратын тосуп алышты. Жабыркагандар бар”, - деп жазылат маалыматта.

"Хабар 24" телеканалынын маалыматына караганда, каза болгондордун жансыз денелери көчөлөрдө ачык эле жатат.

Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости