www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дээрлик 3 жарым айдан бери подстава болуп, айыпсыз Алматыда абакта отурган, Кыргызстандын жараны, белгилүү ишкер Эрмек Маркабаевге дагы деле мамлекеттик деңгээлде укуктук көмөк көрсөтүү анчейин ойдогудай жүрбөй жаткандай. 

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Маркабаевге жолугуп чыкканын, ал иштеткен ири базарда рейдерлик басып алуу аракети жүрүп жатканын билдиргени менен маанилүү жыйынтык болгон жок. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ишкердин укугун коргоо аракети көрүлүп жатканын, иликтөөдө эл аралык укуктук ченемдердин сакталышын камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына эки жолу нота жөнөткөнүн айтып, ошону менен чектелди. Башка кабар боло элек. 

Ишкердин укугун коргоо жаатында Бишкекте кайдыгер эмес жарандар жана анын туугандары митинг өткөрүп, эки өлкөнүн жетекчилерине дейре кайрылышкан. Бүгүн бул маселе Жогорку Кеңеште дагы айтылды. Депутат Балбак Түлөбаев Ички иштер министрлиги менен Тышкы иштер министрлигине жана акыйкатчыга протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү. 

Эске сала кетсек, Эрмек Маркабаев Алматыдагы мурдагы бийликтин тушунда тарттырып жиберген "Алтын Ордо" базарын кайра алып иштетип жаткан. 2-июнда Алматы облусунун аймагында, Алматы–Бишкек автожолунда полицияга куралчан адамдар бара жаткан машина тууралуу анонимдик маалымат түшүп, “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Маркабаевдин машинасы токтотулган. Жансакчысы текшерилип, анын алып жүргөн куралынын бардык документтери жайында болуп чыккан. Бирок ошол эле замат маңзатка байланыштуу жаңы айып коюлуп, иш козголуп, Маркабаев камакка алынган. Бул окуяны видеого тартып алган аял, кармоо учурунда ага баңгизатын атайылап салып коюшканын көргөнүн айткан.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости