www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-февралда Алматыда Feminita тобунун активисти Акторгын Аккенжебаласы "Тауелсиздик таңы" монументинин алдында пикетке чыгып, шаар бийлигинен 8-марттагы аялдардын жөө жүрүшүнө уруксат берүүнү талап кылды.

Анын колунда "Маршты болтурбоо - кылмыш" деген плакат болгон.

Пикет түштө башталган. Жарым сааттан кийин окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, анын акцияга уруксаты бар-жоктугун текшеришкен. Пикетке буга чейин Алматынын акимчилиги уруксат берген.

Аялдардын укугун коргогон уюмдар 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Казакстандык аялдардын эркиндиги жана коопсуздугу" деген темада жөө жүрүш өткөрүүгө аракет кылышууда. Активисттер Алматы акимчилигине бир нече өтүнмө жөнөтүшкөн. Шаар бийлиги үч арызды четке каккан.

2020-жылы кабыл алынган "Тынч чогулуштар жөнүндө" жаңы мыйзам боюнча жергиликтүү аткаруу органына акцияга беш жумушчу күн калганга чейин өтүнмө берилиши керек. Укук коргоочулар бул мыйзам эл аралык стандарттарга жооп бербейт деп сындап келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости