www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда кыргыз-казак чек арасы боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Алматы шаарында (Казакстан) иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Арзыбек Кожошев Алматыга Казакстандын вице-премьер-министри – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу менен барды. Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өтүүдө.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаалды карашты. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлат. Мындан тышкары Алматыда үч өлкөнүн ортосундагы иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоо үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын бажы жана салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости