www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы шаарындагы жеке менчик Smart Beauty Clinic клиникасында липосакция операциясы учурунда блогер Сауле Ермаханова аттуу аял каза болгондугу коомчулукта чоң талкуу жаратууда. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Ерлан Сакенов жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, операция 2026-жылдын 15-майында жергиликтүү анестезия менен жасалмак болгон. Дарыгерлер операция 1–1,5 саатка гана созуларын айтышкан. Бирок маркумдун жакындары бир нече саат бою бейтаптын абалы тууралуу эч кандай маалымат ала алышкан эмес.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн айтымында, алар кайра-кайра абалын сурагыны менен клиника кызматкерлери так жооп бербей, узак убакыт кабар беришкен эмес. Сауле Ермаханованын каза болгону тууралуу маалымат үй-бүлөсүнө кечки саат 18:00дөр чамасында гана айтылган.

Маркумдун кызы социалдык тармактарга билдирүү жарыялап, бул окуя алардын үй-бүлөсү үчүн чоң трагедия болгонун билдирген.

Маалыматтарга ылайык, учурда Smart Beauty Clinic клиникасы ишин кадимки режимде улантып, операцияларга кардар кабыл алып жатканы айтылууда. Маркумдун жакындары окуя боюнча коомчулуктун көңүлүн буруп, маалыматты жайылтууну суранышкан.

Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк жеке клиникалардагы бейтаптардын коопсуздугу, дарыгерлердин жоопкерчилиги жана медициналык көзөмөл маселелерин көтөрө баштады.

Последние новости