www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын алдындагы арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобуна 34 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, арыздар 9-февралдан 10-апрелге чейин түшкөн.

«Анын алтоосу арыз ээси тарабынан кайра кайтарылган. Аймактар боюнча Бишкектен 15, Чүйдөн 9, Ош шарынан 2, Ош облусунан 3, Жалал-Абаддан бир, Баткенден 3, Талас шаарынан бир арыз-даттануу келген. Бул боюнча БШК 17 чечим кабыл алды. 3 арыз сот органдарына берилген», - дейт ал.

Асаналиев арыздар төмөнкү мүнөздө болгонун айтат.

- үгүт иштеринин талаптарын бузуу боюнча 6;
- аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине карата 7;
- аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине карата 16;
- админресурс боюнча 1;
- каттоодон талапкерлерди четтетүү боюнча 1;
- билип туруп жалган маалымат таратуу боюнча 2;
- ар түрдүү мүнөздө бир арыз.

«Ар бир арыз каралууда. Кароонун жыйынтыгында бузуулар такталса, партиянын талапкерлиги алынып, добуштун жыйынтыгын жокко чыгаруу сыяктуу кескин чаралар көрүлөт», - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости