www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кой-Таш айылынан жер тилкесин сатып алуу учурунда коррупция фактысы боюнча Алмаз Атамбаевге каршы кылмыш ишин кароодо.
Буга чейин айыпталуучу Алмаз Атамбаев прокурорлорго каршы чыгып, мамлекеттик айыптоочуларга ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө өтүнүчүн келтирген.
Кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан судья Мирлан Термечиков өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Ал белгилегендей, Кылмыш-процессуалдык кодексинде кайсы учурларда мамлекеттик айыптоочуларга доомат коюла тургандыгы так жазылган. Мындан тышкары, эгерде көзөмөлдөөчү органдын өкүлдөрү иште котормочу, жактоочу, шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү катары катышкан болсо, анда прокурорлорго ишенбөөчүлүк жарыялоого болот.
Булак: NazarNews.kg