www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-июнда  шоу бизнестин карт бойдок мырзаларынын бири Алмаз Шаадаевдин заманбап үйлөнүү тою борбордогу ресторандардын биринде өтөт.

Тойго чейин эстелик сүрөт жасоону каалаган түгөйлөрдөн чакан маек алдык.

— Алмаз жана Алина, тоюңар кут болсун!

—Чоң ырахмат! Абдан толкунданып, тоюбуз жакшы өтсө экен деп жатабыз.

—Тойго канча убакыт даярдандыңар? Кандай өзгөчөлүк болот?

—Эки ай тынбай даярдандык. Өзгөчө шоу деле даярдаган жокпуз. Биздин тилек элибизден бата алуу.

—Экөөңүздөр качан, каяктан табыштыңыздар?

—Апрель айында апамдын сунушу менен тааныштык. Бир көргөндө эле бири-бирибизге болгон сезим пайда болуп, жактырышып эле дароо үйлөнөбүз деп чечим кабыл алдык.

—Демек, кыз-жигит мамилесин куруу болбоптур да...

—Ооба, жактырган соң дароо эле үйлөнүү чечими кабыл алынган. Ата-энелер таанышып, баары сүйлөшүлгөн. Колун дагы шоу кылып сураганым жок.

—Үй-бүлөлүк жашоо кандай башталды?

—Нике кыйып түтүн булатып жатканыбызга бир жума болду. Буюрса, баары жакшы. Көнүшүп калдык. Эми түбөлүккү бактылуу болсок.

—Алмаз, жубайыңды иштетесиңби?

—Албетте. Мен ар дайым колдойм. Учурда 26 жашта. Менеджмент боюнча бакалавр, магистратураны бүтүргөн. Өз кесиби менен иштей берет.

—Ийгилик! Бактылуу болгула!

—Ыраазыбыз!

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости