www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-январда президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өттү. Анда ал оор мезгилде президент болуп келгенин айтты. 30 жыл бою топтолгон 5 миллиард долларлык ички, сырткы карызды толук төлөө, пандемия, энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтолду. Ошондуктан анын алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багыттала турганын белгиледи.

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай Садыр Жапаров жарым жылда жыйынтык көрсөтүүсү зарыл экенин айтты.

 

--"Садыр Жапаровго элден ишеним кредити берилди. Аны ал 3 жылга чейин аткарам деп айтты. Жапаров инаугурацияда айткан сөздөрүнүн баары орундалышы үчүн 6 айдын ичинде чараларды көрүш керек. Эгерде аны созуп жиберсе, ишке ашыруу кыйын болот. Өлкө өнүгүш үчүн көп реформалар керек. Акылман, билермандардын баарын бириктирүү шарт. Баарын бириктирип, иштерди жасоо зарыл. Бир жылдын ичинде реформа кылам десе созулуп кетет. Эл башкаларды 1 жыл, 2 жыл күткөн. Азыркы учурда андай эмес. Ошондуктан Жапаров жарым жылда жыйынтык көрсөтүшү керек", - дейт Алмаз Тажыбай.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости