www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Бул тууралуу маалыматты тарапташтарынын ишенимдүү өкүлү Назгүл Мамытова "NazarNews" маалымат агенттигине билдирди.
Үч жарым жылдан бери адилетсиз абакта отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 14-февралда соттун чечими менен акталып чыкты.
Жогорку соттун К. Токтомамбетов төрагалык курамына Т. Бекешов, И. Глязетдинова кирген соттук коллегиясы Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча актады.
Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сыртка чыгып дарыланууга уруксаат берилди.
Натыйжада, экс-президент 27-абактан боштулуп, үйүнө чыгарылды. Эми жакынкы арада сыртка дарыланууга кетери күтүлүүдө. Атамбаевди абактан жакын санаалаштары тосуп алышып, колдоп-коштоп үйүнө алып кетишти.
Эми, Атамбаевдин соттуулгу жок. Абакта айыпсыз отурганы үчүн, беделин тебелеп, каралагандар жоопкерчилик тартышы керек.
Булак: NazarNews.kg