www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи Алмазбек Атамбаев каралоо, жалаа жабуу жагынан мастер экен. Кыргыз парламентине "чимкирик" деген ат жармаштырып салды, бул ат кийинки депутаттарга деле жабышат деп ойлойм. Анын адамдын атын булгап, мокочо көрсөтүү боюнча жөндөмү Акматбек Келдибековго дагы иштеген. 2010-жылдан кийин Өкмөт башчы, Президент дагы Жогорку Кеңештин төрагасындай таасирдүү болбой калган. Убактылуу Өкмөттүн сүзгүчтөрү жардам берип, "Ата Журт" партиясын ичтен иритип, ынтымагын бузуп, акырында Ахматбек Келдибековду камакка салышып тынган. Ошол кезде Атамбаев барган жеринде Келдибековду жамандап, мамлекеттик телеканалдар, басма сөз каражаттары жапырт баса калып жалаа жапканга өтүшкөн. Атайын түзүлгөн пиар группа 2 жылдан ашык Келдибековдун бетине көө шыбашкан. Максаттуу аракеттерден улам "чын эле ушундай тура"-деп өзгөрүп кеткендер арбын. Кийин, сотто Атамбаевдин оозунан чыккан жалаалардын бирөөсү дагы чындыкка дал келген эмес, бирок президент башы менен "кара пиарды" өзү жетектеген. Кезинде пенсия ордуна курттап кеткен макарон, шекер алып калган абалдан Келдибеков чыгарган.

Кыргызстанда саналуу эле мыкты менеджер, финансисттер бар. Анын бирөөсү Келдибеков. Муну аткаруу бийлигинде, саясатта, бийликте жүргөндөр жакшы билишет жана макул болушат. Мунун барын эмнеге айтып жатам? Кыргыздын көп мыкты уулдары саясий кызыкчылыктардын курмандыгы, жалган жалаалардын тепсендисинде кор болуп келишет.

Азыркы кырдаалда Ахматбек Келдибеков талапкер болуп чыкса жакшы болмок, жарашмак. Көзгө басар мамлекетчил кадрлардын бири, тажрыйбасын, акыл күчүн пайдалансак болмок. Баса, Акылбек Жапаров дагы экенин бири. Эч ким аны менен экономикалык маселелер боюнча талаша албайт.

Дайырбеке Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости